Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт


Эмдиги айдан тарта орточо пенсия 5173 сомго жетет.
Эмдиги айдан тарта орточо пенсия 5173 сомго жетет.

Быйыл 1-октябрдан тарта пенсиянын орточо суммасы 5173 сомду түзөт. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, азыр өлкөдө 605 миңге чукул адам орточо 4753 сомдон пенсия алышат.

Буйрукка ылайык, ай сайын 10 миң сомдон аз алгандарга 15%, 10 миңден көп алгандарга 8% пенсия кошулат.

Ошондой эле биринчи топтогу майыптардын жөлөкпулун 4700 сомго жеткирүү сунушталууда. (SE)

XS
SM
MD
LG