Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

Азербайжан: Референдумга президент да келди


Илхам Алиев.
Илхам Алиев.

Азербайжанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өтүүдө. Өлкө прездиденти Илхам Алиев да үй-бүлөсү менен келип добуш берди.

Сунушталган долбоор колдоо тапса, Башмыйзамга 29 өзгөрүү кирет.

Анын ичинде, президенттин мөөнөтүн беш жылдан жети жылга узартуу маселеси да бар. Мындан тышкары эки вице-президенттик кызмат түзүлөт. Аларды президент дайындайт. Эгер өлкө башчысы ишин аткара албай калса, анын милдети биринчи вице-президентке өтөт.

Мындан тышкары президенттикке талапкердин минималдуу жаш курагы 35 жаш деген чек алынат.

Оппозиция өкүлдөрү бул Илхам Алиевдин үй-бүлөлүк бийлигин бекемдейт деп, өзгөрүүлөргө каршы чыгууда. Укук коргоочулар референдумга каршы чыккандарды куугунтуктоо күчөгөнүн айтып, репрессиянын жаңы толкунун жаратты деп бийликти айыптоодо.

XS
SM
MD
LG