Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:24

Адил Турдукулов бийликтин кысымына кабылганын айтып чыкты


Жарандык активист Адил Турдукулов.
Жарандык активист Адил Турдукулов.

Жарандык активист Адил Турдукулов бийликтен кысым көрсөтүлүп жатканын “Азаттык” радиосуна билдирди. Ал мурунку кайнагасы, “Элиме” коомдук кыймылынын өкүлү Жаркынбек Касымбековдун 26-сентябрдагы билдирүүсүнүн артында атайын кызмат турганын маалымдады.

Ошондой эле Касымбековдун үстүнөн сотко кайрыларын айтып, аны Бишкектин "Тез жардам" кызматын жетектеп турганда мыйзамсыз тендер өткөргөн деп айыптады. Турдукуловдун билдиришинче, "Элдик парламент" кыймылынын мүчөсү болгон Касымбековдун үстүнөн мурдагы мыйзамбузуулары үчүн кылмыш иши козголуп, Биринчи Май райондук соту карап жатат.

27-сентябрда Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйын куруп, Адил Турдукулов чет мамлекеттин атайын кызматтары менен иштешип, тыңчылык кылган деп жарыялаган. Муну Адил Турдукулов бийликтин "ооз жабуу" аракети катары баалады.

Буга чейин жарандык активист президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковдун кайсы акчага кымбат баалуу батир сатып алганын, анын киреше-чыгымдарын иликтөө өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылган. УКМК Турдукуловдун айткандарына жооп кайтара элек. (NT)

XS
SM
MD
LG