Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:19

Базар-Коргондо жетекчи өз үйүн бала бакчага өткөрүп берди


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Райондун Совет айылында жеке адамга таандык турак үйдө 75 орундуу бала бакча ачылды. Сузак районунун акиминин орун басары Асылкан Раманкулова турак-жайын көп жылдык мөөнөткө пайдалануу үчүн мамлекеттин карамагына өткөрүп, 3 тайпалуу бала бакча ачууга уруксат берди. Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Рахман Өмүрзаков “Азаттык” радиосуна билдиргендей, жергиликтүү бийлик 5 бөлмөлүү үйдү жана жанындагы кошумча имараттарды эмеректер менен камсыздап, бөбөктөрдү кабыл ала баштады. Бакчанын ачылышында көп жылдан бери каражаттын тартыштыгынан бала бакча курулбай, айылдыктардын мүдөөсү орундалбай келгени айтылды.

Өткөн жылы да ушул эле айыл өкмөттө жеке ишкер эки кабаттуу өз турак жайын мамлекеттин карамагына өткөрүп берип, 80 орундуу бала бакча иштей баштаган.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абадда 170 мектепке чейинки билим берүүчү мекемеде 20 миңге чукул бала тарбияланууда. Жалпы Кыргызстан боюнча бала бакчанын жетишсиздиги негизги социалдык көйгөйлөрдүн бири экени айтылып келет.(RsK)

XS
SM
MD
LG