Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

Чекист менен ишкердин чатагын Аскер прокуратурасы жана ИИМ иликтейт


24-сентябрда Ош-Кызыл-Кыя жолундагы чатакташуудан кийин тараптар экөө тең арыз менен милицияга кайрылышкан. Ага ылайык, УКМК кызматкеринин үстүнөн ишкердин арызы 27-сентябрдан тарта Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Ал эми ишкердин үстүнөн чекисттин жазган арызын Ноокат райондук ИИБ карайт. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев “Азаттыкка” билдирди:

- УКМК кызматкеринин үстүнөн жазылган арыз боюнча чогултулган материалдардын баары 27-сентябрда Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Ал эми Ноокат райондук ички иштер башкармалыгы УКМК кызматкеринин арызы боюнча, ишкер Мааткалыковдун ишин карайт. Арызда көрсөтүлгөн ишкердин тапанчасы учурда атайын экспертизадан өткөрүлүүдө.

УКМКнын Кызыл-Кыя шаардык башкармалыгынын кызматкери Ж.З. менен ишкер Зарылбек Мааткалыков жол бөлүшө албай, чатакташып, бири-бирине кол көтөрүүгө чейин барышкан. Натыйжада ишкер Мааткалыков чатактан кийин 156 миң сому жоголгонун, УКМК кызматкери дагы үч киши менен кошо ага күч колдонгонун айтып, милицияга кайрылган. Ал эми УКМК кызматкери ишкерди “тапанча такап коркутту, башка автоунаа менен келип токтогон дагы бир нече адамдын жардамы менен сабады” деп айыптап, милицияга кайрылган. Экөө тең чатактан кийин ооруканага кайрылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG