Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Эл аралык комиссиянын MH17 трагедиясы боюнча алдын-ала баяндамасы чыгат


Иликтөөчүлөр Boeing 777 MH-17 учагынын калдыктарын курап чыгышты.
Иликтөөчүлөр Boeing 777 MH-17 учагынын калдыктарын курап чыгышты.

Малайзия аба компаниясына таандык учактын 2014-жылы Украина аймагында атып түшүрүлүшүн иликтеген тергөөчүлөр 28-сентябрда Нидерландда маалымат жыйынын өткөрөт. Анда 298 жүргүнчүсү жана экипаж мүчөлөрү менен бараткан учак Орусия колдооосундагы Чыгыш Украинадагы жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактан "Бук" системасы менен атып түшүрүлгөнү айтылары күтүлүүдө.

MH17 2014-жылы 17-июлда атып түшүрүлгөн. Ал Амстердамдан Куала-Лумпурга бараткан. Жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү баары каза тапкан. Буга чейин Голландиянын Коопсуздук кеңеши учак жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактан "Бук" системасы менен атып түшүрүлгөн деген жыйынтыкка келген. Москва жикчилдерге "Бук" куралын берди дегенди четке кагып, учактын кыйроосу боюнча өзүнүн бүтүмүн жарыялады.

Орусиянын коргоо министрлиги 26-сентябрда өткөргөн маалымат жыйынында Украина бийлиги учак кыйраган мезгилдеги радиолокациялык станциянын маалыматтарын жашырып жатат деп, өзүнүн маалыматтарын жарыялаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG