Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:48

Сауд Арабия менен Иран мунай өндүрүшүн азайтуу боюнча келише албады


Ирандын мунай министри Бижан Зангани Алжирдеги ОПЕК жыйынында.
Ирандын мунай министри Бижан Зангани Алжирдеги ОПЕК жыйынында.

Мунай өндүрүүчү ири мамлекеттердин пикир келишпестиги мунайга баанын төмөндөшүнө алып келди. ОПЕКтин 27-сентябрда Алжирдеги кеңешмесинде эгерде Иран мунай өндүрүшүн азыркы 3.6 млн. баррель өлчөмүндө сактаса, анда Сауд Арабиясы мунай өндүрүшүн кыскартууга барууга макул болгон. Бирок Тегеран Эр-Рияддын мындай сунушун кабыл алган жок.

Иран 2012-жылы эл аралык санкция киргизилген мезгилдеги 4 млн. баррелге жеткенге чейин өндүрүшүн көбөйтүүнү көздөөдө. Атаандашкан эки регионалдык мамлекеттин мындай пикир келишпестигине карабай Орусия жана Сауд Арабиясы Иран соңунда өндүрүштү бир калыпта кармоо боюнча келишимге келет деген үмүттө турат. (AiT)

XS
SM
MD
LG