Динаятчы Фетхуллах Гүлен уюштурду деп айыпталган 15-июлдагы мамлекеттик төңкөрүш аракетине байланыштуу Түркияда 32 миңден ашуун киши камакка алынган. Юстиция министри Бекир Боздагдын 28-сентбярдагы билдирүүсү боюнча, төңкөрүштөн кийин 70 миңдин тегерегинде адам иликтөөгө алынып, сот тарабынан 32 миң киши камалган.
Буга чейин түрк өкмөтү 10 миң киши камакка алынганын билдирген. Министр Боздаг 30 миңден көп киши түрк мыйзамынын элегинен өтөрүн кабарлады. АКШда жашаган Фетхуллах Гүлен төңкөрүштү уюштуруучусу деген айыпты четке кагып келет. Боздагдын айтымында, Гүленди өткөрүп берүү боюнча Анкаранын талабына Кошмо Штаттар жакынкы күндөрү жообун берүүгө тийиш. (AiT)