Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Марат Иманкулов УКМК кысымына кабылганын айтып чыкты


Мурдагы чекист, “Таза Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Марат Иманкулов атайын кызмат өзүнө кысым көрсөтүп жатканын “Азаттык” радиосуна билдирди.

Ал УКМКнын дарегине бир катар сын айткандан кийин төрага Абдил Сегизбаев мекеме алдындагы Кадрларды даярдоо институтунда иштеген инисин жумуштан алуу боюнча тапшырма бергенин кошумчалады. Азыр да мурдагы бийликтин убагындагыдай ыкмалар колдонулуп жатканын, каршы чыккандар куугунтукка кабылып жатканын белгиледи. Ал эми аталган институттун жетекчиси Болот Абдрахманов Иманкуловдун иниси ордунда иштеп жатканын, аны кетирүү боюнча буйрук келе электигин маалымдады. УКМК болсо Иманкуловдун айткандарына комментарий берүүдөн баш тартты. (NT)

XS
SM
MD
LG