Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Сузакта көчкүдөн жабыркагандарга жер бөлүндү


Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылындагы жер көчкү.
Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылындагы жер көчкү.

Райондун Алмалуу-Булак айылында жер көчкүдөн жабыркаган тургундарга коопсуз жайдан жер тилкесин берүү боюнча премьер-министрдин токтому чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Мамасалы Акматов “Азаттык” радиосуна билдирди. Маалыматка караганда, муктаждарга Сузактын Кызыл-Туу айылындагы 35 гектар жер бөлүндү.

26-сентябрда жер көчкү басып, турак жайынан айрылган жарандар ушул күнгө чейин берилген убадалар аткарылбай, коопсуз жайга көчө албай жатканын айтышып, облустук бийликке кайрылышкан.

Быйыл апрелде Алмалуу-Булак айылындагы жер көчкүдө сегиз там жараксыз болуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 150 үй-бүлөнү тез арада коопсуз жайга көчүрүү сунушун берген. Табигат кырсыгынан кийин аймакта электр жарыгын берүү токтотулуп, 160 окуучу билим алган орто мектеп жабылган болчу. Бирок өкмөт убагында жашоочуларды жер тилкеси менен камсыздай албаган соң сентябрда мектеп ачылып, айылга электр жарыгы туташтырылган. Тургундарга 2017-жылдын апрель айына чейин аймакта жашоого уруксат берилген. Жерге муктаж жарандардын көйгөйүн 26-сентябрда “Азаттык” радиосу чагылдырган эле. (RsK)

XS
SM
MD
LG