Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Кыргызстан ЕККУнун Бишкектеги борборунун макамын өзгөртүүнү көздөйт


Айрым маалымат каражаттары муну Тышкы иштер министрлигинин ЕККУнун Бишкек борборуна жиберген маалымдамасына шилтеме кылып жазышууда. Анда ЕККУнун Бишкектеги борборун 2017-жылдын 1-январынан тарта программалык кеңсе кылып өзгөртүү тууралуу маалымат берилген. Тышкы иштер министрлиги бул чечимдин артында “ЕККУ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү максаты” жатканын белгилеген.

ТИМден “Азаттыкка” кабарлашкандай, учурда бул маалымат боюнча министрликтин пикири даярдалууда.

Адистердин маалыматы боюнча, жаңы макамында ЕККУ бардык иш-аракетин Тышкы иштер министрлиги менен макулдашып, анан ишке ашыра алат.

Өткөн аптада мекенинде кылмышкер деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыров ЕККУнун жыйынында сөз сүйлөп, азыркы бийликти сындаган.

23-сентябрда ТИМ буга нааразылыгын билдирип, Кадыржан Батыровду ЕККУнун бардык иш-чараларына катышууга укугу жок адамдардын тизмесине кошууну талап кылган.(EBM;ZKo)

XS
SM
MD
LG