Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

Каныбек Иманалиев Баш мыйзамды өзгөртүүгө шашпоого чакырды


Каныбек Иманалиев
Каныбек Иманалиев

Парламенттеги талкуу учурунда “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев Референдумду өткөрүү күнүн дайындоого шашылуунун зарылчылыгы жок деп билдирди. Депутат Баш мыйзамдын өзгөртүү киргизилген редакциясын талкуулоого ашып барса 300 киши катышканын белгилеп, алар 6 млн калкы бар Кыргызстандын тагдырын чечүүгө укугу жок деп айтты:

- Болгону төрт жолу талкуу кылыпсыңар. Ар бирине 70 киши катышты деп атасыңар. Макул, бардыгы болуп 300 киши болсун дейли, бирок ошол 300 киши кантип тагдыр чечет? Баш мыйзамды өзгөртүү маселесин шашпай талкуулап, келерки жылы деле кабыл алсак болот да.

Жогорку Кеңеш бүгүн "Референдумду дайындоо жөнүндөгү" мыйзам долбоорун талкуулоодо. Күн тартибине ылайык, алгач фракция башчылары сүйлөшөт. “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев сөз сүйлөп, учурда депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG