Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Киевде Бабий Яр курмандыктары эскерилүүдө


Украина Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында Киевде 34 миңге жакын жөөттүн өлтүрүлүшүнүн 75 жылдыгын эскерүүдө.

1941-жылы 30-сентябрга караган түнү шаарды оккупациялап алган нацисттик күчтөр Бабий Яр деген жерге бардык еврейлерди чогултуп, атып өлтүргөн.

Бүгүнкү эскерүү иш-чараларына Израилдин президенти Реувен Ривлин да катышмак, бирок өлкөнүн мурдагы башчысы Шимон Перестин өлүмүнө байланыштуу ал келе алган жок.

Жалпысынан Холокост маалында нацисттик Германия жалпы Европа боюнча 6 миллион еврейди жок кылган деп айтылып жүрөт. (RK)

XS
SM
MD
LG