Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:29

Израиль Шимон Перести акыркы сапарга узатууда


Шимон Перести акыркы сапарга узатуу зыйнатына келгендер.
Шимон Перести акыркы сапарга узатуу зыйнатына келгендер.

Иерусалимде Израилдин мурдагы премьер-министри жана тынчтык боюнча Нобелдик сыйлыктын лауреаты Шимон Перести акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Ага АКШнын президенти Барак Обама, Британиянын королдук үй-бүлөсүнүн мүчөсү принц Чарльз баштаган дүйнө лидерлери катышууда. Израилдин таанымал лидеринин сөөгү Херзл тоосундагы улуттук көрүстөнгө коюлат.

93 жашында инсульттан көз жумган Шимон Перес менен коштошуу үчүн 70тей өлкөдөн делегациялар келди. Иерусалимде жолдор жабылып, коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Шимон Перес ондой өкмөттө кызмат кылып, эки жолу премьер-министр болгон жана 2007-жылдан 2014-жылга Израилдин президенти болуп иштеген. Ал Нобель сыйлыгын палестиналыктар менен 93-жылы кабыл алынган тынчтык келишими үчүн алган. (KKs)

XS
SM
MD
LG