АКШ жана Германия Орусия менен Сириянын Алеппо шаарын абадан бомбалап жатканын “наадандык” катары баалашты. Бул тууралуу бейшембиде АКШ президенти Барак Обама менен Германия канцлери Ангела Меркелдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө айтылды.
Вашингтон тараткан билдирүүгө караганда, сириялык өкмөт жана анын тарапташы Орусия Сириядагы ок атышууну токтотуу үчүн өзгөчө жоопкерчиликке ээ. Эки лидер Москва менен Дамаск элдешүү жараянын калыбына келтирүү жана курчоодо калган аймактарга жардам жеткирүүгө жол ачууга тийиш.
АКШ жана Германия жетекчилери мындан тышкары Украинадагы абалга да токтолушту. Барак Обама Франция менен Германиянын Минск келишимин аткаруу үчүн ар тараптуу жолдорду издеп жатканын кубаттады.
Обама менен Меркел бардык тараптарды ок атышпоо тууралуу макулдашууларды сактоого үндөштү.