Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:09

БУУ Сириядагы гуманитардык кербенге жасалган чабуулду иликтейт


19-сентябрда гуманитардык кербенге абадан сокку урулган
19-сентябрда гуманитардык кербенге абадан сокку урулган

БУУ тараткан билдирүүгө ылайык, Алеппого гуманитардык жүк алып бараткан кербенге жасалган чабуулду иликтөө боюнча атайын ички комиссия түзүлөт.

19-сентябрда гуманитардык кербенге абадан урулган соккудан 20 адам набыт кетип, 18 жүк ташуучу автоунаа жок кылынган. Алеппого эл аралык жардам ташуу токтотулган.

Окуядан кийин Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Сириядагы жаңжалдашкан бардык тараптарды согушту токтотууга аракет көрүүгө чакырган.

АКШ бул чабуул үчүн Орусия колдоп жаткан Сирия армиясын айыптаган. Москва ага тиешеси жоктугун айтып келет.

XS
SM
MD
LG