Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкекке кайтып келди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга бүгүн кайтып келди. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов билдирди.

Атамбаев 19-сентябрда Нью-Йорктогу БУУнун жыйынына баратканда жүрөгү кармап, Стамбулда калууга мажбур болгон. 23-сентябрда Москвага барып, Борбордук клиникалык ооруканада дарыланды. Бүгүн бейтапканадан чыкты.

Маалыматка караганда, президенттин абалы жакшы болуп калды, текшерүүнүн жыйынтыгы да дурус чыккан. (NT)

XS
SM
MD
LG