Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:32

Польшада абортко тыюу салууга каршы акция өттү


Акцияга чыккандар "Өз денемди өзүм билем!" деген ураандарды көтөрүп турушту.
Акцияга чыккандар "Өз денемди өзүм билем!" деген ураандарды көтөрүп турушту.

Кара кийинген миңдеген адамдар 1-октябрда парламент алдына чыгышып, абортко тыюу салууга каршылык билдиришти.

Алар "Өз денемди өзүм билем!" деген ураандарды көтөрүп турушту. Акциянын уюштуруучусу Барбара Новацка парламенттин абортко тыюу салуу сунушун адам укугун тепсөө катары баалады:

- Депутаттар биздин үнүбүздү угарына үмүттөнөм. Биз аялдардын эркиндиги, абийири жана коопсуздугуна каршы чыккандарга эч качан добуш бербейбиз, – деди ал.

Азыркы мыйзамда абортко эненин өмүрүнө коркунуч туулган жана түйүлдүк жашап кете албай турган болсо, аял зордуктоонун натыйжасында кош бойлуу болуп калган учурда гана уруксат берилет.

Бирок поляк парламенти учурда абортко толук тыюу салуу боюнча мыйзам долбоордун үстүнөн иштеп жатат. Анда аборт жасаган аялды кылмыш жообуна тартуу маселеси камтылган.

Расмий маалыматтар боюнча, Польшада жылына жүздөгөн аборт жасалат. Бирок жашыруун жана чет мамлекеттерде бойдон алдырган поляк аялдарынын саны жыл сайын 100 - 200 миңге жетери айтылып жүрөт.

Кийинки жумада Польшада аялдар жалпы улуттук демонстрацияга чыгууну көздөп жатышат.

XS
SM
MD
LG