Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

Кыргызстандык самбочу кум үстүндөгү Азия оюндарынын чемпиону болду


Кум үстүндөгү Азия оюндарында Самбо боюнча 74 килограммга чейинки салмактагы байге ээлери. 1-октябрь, 2016-ж. Дананг.
Кум үстүндөгү Азия оюндарында Самбо боюнча 74 килограммга чейинки салмактагы байге ээлери. 1-октябрь, 2016-ж. Дананг.

Кыргызстандык спортчу Урмат Мамбетжан уулу ушул күндөрү Вьетнамдын Дананг шаарында өтүп жаткан кум үстүндөгү Азия оюндарында жеңүүчү болду. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат катчысы Нурпери Садырбекованын билдиришинче, Мамбетжан уулу 1-октябрда Самбо боюнча 74 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан. Ал жалпысынан төрт беттешке чыкты.Алгачкы беттешинде түркмөнстандык Довлетгелди Теженовду, чейрек финалда жапониялык Ямашита Такехирону, жарым финалда сириялык Хаг Кадуур Абд Аль Саламды жеңген. Финалда ирандык Йосеф Каримян менен таймашып утуп алган.

24-сентябрда Вьетнамдын Дананг шаарында башталган кум үстүндөгү V Азия оюндары 3-октябрга чейин уланат. Буга чейин жиу житсу боюнча мелдештерде Муртазали Муртазалиев коло медал тагынган. (ECh)

XS
SM
MD
LG