Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:26

Венгрия: Евробиримдиктин миграциялык квотасы боюнча референдум өтүүдө


Бүгүн эртең менен Венгрияда мигранттарды кабыл алуу боюнча референдум башталды. Эл Венгрия Евробиримдиктин милдеттүү квотасы боюнча Африка менен Жакынкы Чыгыштан качкындарды кабыл алуу маселесин чечиши керек. Добуш берүү кечки саат 7де аяктайт.

Алдын ала маалыматтар венгерлердин көпчүлүгү мигранттарга каршы экенин көрсөтүүдө. Бозгундарды кабыл алууну калктын эки пайыздайы гана колдоп жатат.

Референдумдун жыйынтыгы милдеттүү эмес, сунуш берүү гана мүнөзүнө ээ. Анын жыйынтыгы Венгриянын Евробиримдиктин алдындагы мигранттарды кабыл алуу милдетин жокко чыгарбайт. Бирок Будапешт бирикменин башкы документи - Лиссабон келишимине өзгөртүү киргизүүнү талап кыла алат.

Былтыр миграция кризиси башталгандан кийин Еврокомиссия качкындарды батыш мамлекеттерине бөлүштүрмөй болгон. Венгрия 1300дөй мигрантты кабыл алууга тийиш эле. Өлкө бийлиги буга каршы чыгып, жалпы элдик добуш берүү жарыялаган болчу.

XS
SM
MD
LG