Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин Кытайдын түзүлгөндүгүнүн 67 жылдыгына карата Си Цзиньпинге жолдогон куттуктоосунда айтылат. Анда бүгүнкү күнү Кытай туруктуу өнүгүү жолунда ишенимдүү баратканы жана эл аралык маанилүү маселелерли чечүүгө зор салым кошуп жатканы белгиленген.
Кыргыз-кытай мамилелери соңку жылдары жаӊы өнүгүүгө ээ болгонун, кошуналык жана достук мамилелер тереӊдеп жатканын кошумчалаган президент жакын арада Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун жана Кыргызстан – Кытай газ куурун куруу боюнча биргелешкен долбоорлор жүзөгө ашат деген ишенимин да билдирген.
Кытайдын негизделгенине 1-октябрда 67 жыл толду.