Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Талас: жабык мекемелерде укук тууралуу маалымат берилбейт


Кыргызстандагы абактардын бири
Кыргызстандагы абактардын бири

Талас облусунда жабык мекемелерде укук тууралуу маалымат берилбейт. Бул тууралуу кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун бөлүм башчысы Самаган Асанов «Азаттык» радиосуна билдирди. Анын айтымында, укуктук сабатсыздыктын айынан абактагылар көп учурда өздөрүнө каршы чечим чыгарууга макул болушат. Аталган борбордун өкүлдөрү эки күн бою облустагы убактылуу кармоочу жайлар менен тергөө абактарын, аскердик мекемелер менен социалдык-стационардык жайларды кыдырып, сурамжылоо жүргүзгөн. Анын жүрүшүндө айрым жайларда юристтер жана психологдор жок экени аныкталган. (AlS)

XS
SM
MD
LG