Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Украина чыгышында "праймериз" башталды


Донецк жана Лугансктын лидерлери Игорь Плотницкий (оңдо) менен Александр Захарченко.
Донецк жана Лугансктын лидерлери Игорь Плотницкий (оңдо) менен Александр Захарченко.

Украина чыгышында 2-октябрда "праймериз" деп аталган алдын ала добуш берүү өтүп жатат. Өздөрүн элдик республика деп жарыялап алган Донецк жана Лугансктын калкы жергиликтүү администрациялардын башчылыгына талапкерлерди тандоодо.

Жикчилдер Луганскка "байкоочу" катары Франция, Германия, Финляндия, Италия жана башка өлкөлөрдөн өкүлдөр келишкенин билдиришүүдө.

Донбасстын жикчилдер көзөмөлдөгөн райондорунда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүү Минск келишимине ылайык куралдуу конфликтти токтотуу боюнча башкы аракеттердин бири. Бирок, Минск келишими боюнча бул шайлоолор Украина мыйзамына ылайык өтүүгө тийиш. Киев буга чейин "праймериз" макулдашууга ылайык келбей турганын жана согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү кыйындатарын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG