Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:49

Түркияда Гүлендин иниси кармалды


Кутбеттин Гүлен
Кутбеттин Гүлен

Түркиянын Измир шаарында Фетхуллах Гүлендин иниси Кутбеттин Гүлен кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү Анадолу агенттиги 2-октябрда кабарлады.

Кутбеттин Гүлен “террористтик уюмдун мүчөсү” деп шектелүүдө.

Түркияда 16-июлга оогон түнү төңкөрүш аракети болгон. Бийлик козголоңду баскан соң, аны уюштурду деп АКШда ыктыярдуу бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүленди айыптап, ал түзгөн “Хизмет” уюмун террордук деп тапкан.

Диниятчы мунун баарын четке кагып, көз карандысыз сот күнөөсүн далилдесе, мекенине кайтып келерин айткан.

Төңкөрүш аракети учурунда 240тай адам өлгөн. Акыркы маалыматтарга караганда, Түркияда төңкөрүшкө шектелип кармалгандар 32 миң болду. Он миңдеген адамдар кызматтарынан алынды.

XS
SM
MD
LG