Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:13

Элизабет Турсынбаева эл аралык турнирде коло медаль утту


Казакстандык муз бийчиси Элизабет Турсынбаева Канаданын Монреаль шаарындагы Autumn Classic International турниринде коло медаль жеңди.

Жалпысынан турнирге 13 өлкөдөн 18 спортчу катышкан. Биринчи орунду 2008-жылдагы АКШ чемпиону, Төрт континенттин күмүш жана коло байгелеринин ээси Мираи Нагасу ээледи. Канаданын 2016-жылдагы чемпиону Ален Шартран экинчи болду.

Элизабет эми 1-5-ноябрда Москвада өтчү муз бийи боюнча Гран-приге даярданууда.

Элизабет Турсынбаева Кыргызстанга жээн. Энеси Падишахан Султаналиева Жалал-Абаддын Аксы районунан болот

XS
SM
MD
LG