Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Эрте жааган кардан электр жарыгы өчтү


Ош-Бишкек жолу.
Ош-Бишкек жолу.

Каракол шаарында кардын кесепетинен бак-дарактар сынып, электр зымдары жабыркаганы, натыйжада шаар күн бою электр жарыксыз калганы айтылууда. Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас жана Ош облустарынын тоолуу райондоруна түшкөн кардан жайлоодон түшө элек мал-жандык, талаадагы жыйнала элек жер-жемиштер жабыркады.

Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларына түшкөн кардан Бишкек-Ош, Тараз-Талас-Суусамыр жолунда тыгын пайда болуп, жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдоодо. Аталган министрлик 30-сентябрдан 3-октябрга чейин аба-ырайы кескин төмөндөп, жаан карга айланарын, үшүк жүрөрүн эскерткен болчу.

Азырынча эрте түшкөн кар алып келген зыяндын өлчөмү тууралуу маалымат жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG