Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Бир жылда 2,5 млн паспорт алмаштырылат


Биометрикалык пасспорт.
Биометрикалык пасспорт.

Кыргызстандык жарандардын ички паспорту биометрикалык электрон паспортуна алмаштырылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы маалымдады.

Анда айтылгандай, быйыл жыл аягына чейин электрондук биометрикалык паспортторду киргизүүгө даярдыктар толук аягына чыгат. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин айтуусунда, паспортторду алмаштыруу иштери январь айынан тарта жүрөт. Мамкаттоо кызматы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, облустук, райондук жана шаардык бийликтер менен тыгыз иштеп, 2,5 млн паспортту кийинки жылдын октябрь айына чейин алмаштырууну көздөөдө.

Электрондук биометрикалык паспортторду берүү быйыл жыл аягында башталарын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев өткөн жумада парламентте маалымдаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG