Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

КУУнун мурдагы казыначыларына кылмыш иши козголду


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эсеп-кысап бөлүмүнүн мурдагы кызматкерлери студенттер тарабынан окууга төлөнгөн каражаттарды өздөрүнө которуп келген. Аларга каршы кылмыш иш козголгонун Бишкек прокуратурасынан кабарлашты.

Маалым болгондой, университеттен которулчу ири суммадагы каражат мамлекеттик казынага түшпөй калган. Териштирүүнүн жыйынтыгында 4,5 миллион сом калыбына келтирилди. Бул иш боюнча прокуратура "ишенип тапшырылган мүлктү менчиктештирип алуу" жана "документтерди бурмалоо" фактыларына таянып, КУУнун эсеп-кысап бөлүмүндөгү айрым мурунку кызматкерлерине айып такты.

Учурда кылмыш иши райондук соттун кароосуна жөнөтүлдү. Университеттин маалымат кызматы өз кезегинде азыр система автоматташтырылгандыктан, студенттердин окуусу үчүн төлөнгөн акчалары электрондук система менен көзөмөлгө алынып жатканын кошумчалады. (SDz)

XS
SM
MD
LG