Мындай чакырык 2-октябрда жасалып, анда жоочуларга коопсуз жагдайда чыгып кетүүгө шарт түзүлөрү жана жардам берилери айтылган. Өкмөттүк күчтөр ошондой эле жоочуларды жай тургундарга тынч жашоого мүмкүнчүлүк берүүгө үндөдү.
Ошол эле кезде Орусия жана Сирия аба күчтөрү Алеппонун оппозиция күчтөрү көзөмөлдөгөн бөлүгүн бомбалоону улантууда. Куралдуу оппозиция көзөмөлдөгөн шаар бөлүгүндө 250 миңдин тегерегинде адам калууда.
Сирияга гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча Улуттар Уюмунун миссиясынын башчысы Стивен О’Брайен шаардагы абалды “тозоктун оту” деп атап, чабуулду токтотууну талап кылды.
Британия тышкы иштер министри Борис Жонсон Алепподо ооруканалар бомбаланып, аскердик кылмыштар жасалып жатканын билдирди. Ал ошондой бул чабуулдар тынчтык сүйлөшүүсүн жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып, Европаны бүлгүнгө салган өткөн жылкы миграциялык кризистин созулушуна алып келерин 2-октябрдагы сөзүндө белгиледи. (AiT)