Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:57

КУУ: ректордун телефон сүйлөшүү эсеби боюнча маалымат берди


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук унивеситетинин ректору Чынара Адамкулова бир айда 515 миң сомго телефон сүйлөшүүлөрдү жүргүздү, деген маалымат чындыкка төп келбейт. Университеттин маалымат катчысы Жолдошбек Бузурманкуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, ректор Адамкулованын телефон сүйлөшүүсүнө 15 миң сом чыккан.

- Ректор чет өлкөдө иш сапарында жүргөндө, анын 80 жаштан ашкан оорулуу апасы чалып турган. Чет өлкөдө жүргөндө роуминг системасы аркылуу сен чалсаң да, сага чалса да акча кете берет. Ушундан улам анын бир айлык сүйлөшүүлөрү 15 миң сомго чамалап барган.

Бузурманкулов жергиликтүү басылмалардын бири 15 миң сомдук эсепти 515 миң деп жазып салганы үчүн ректор журналистти сотко бергенин кошумчалады.

КУУнун ректору Чынара Адамкулова бир айда 515 миң сомго мамлекеттин эсебинен телефон аркылуу сүйлөшкөнү тууралуу эсеп-кысаптын сүрөттөрү соцтармакка чыгып кетип, чоң талкууну жаратты. КУУ жетекчилиги бул сүрөттөр ректорго карата каралоо экенин айтууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG