Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Эстонияда биринчи жолу аял президенттикке шайланды


Эстония парламенти 46 жаштагы Керсти Кальюлайдды өлкө президенттигине шайлады. Ал Эстониянын Европа Биримдигинин Эсеп палатасындагы өкүлү кызматын аткарып келген. Парламенттин 101 мүчөсүнүн 81и Кальюлайдды колдоп добуш берди. Буга чейинки Эстония президенти Томас Хендрик Илвес Балтика аймагында, НАТОнун күчөтүлүшүн жана Украинага байланыштуу Орусияга санкция киргизилишин жактаган. Кальюлайд аны колдоп келген. Балтика жээгиндеги бул өлкөдө президент символикалык бийликке ээ. (AiT)

XS
SM
MD
LG