Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:46

Террорчулукка айыпталган өзбекстандыктар Петербургда кармалды


Өзбекстандын коопсуздук күчтөрүнүн антитеррордук машыгуусу.
Өзбекстандын коопсуздук күчтөрүнүн антитеррордук машыгуусу.

Мекенинде террорчулук үчүн айыпталып, издөөдө жүргөн өзбекстандык эки жаран Петербургда балдар аянтчасын куруп жүрүшкөн. Полициянын антитеррордук бөлүмүнүн кызматкерлери Петербургдагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Борбор Азиядан келген 12 чет өлкөлүк жаранды кармады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымдоо каражаттары билдирүүдө.

Алардын экөө Өзбекстан ислам кыймылы террордук уюмунун активдүү мүчөлөрү катары издөөдө жүргөн. Кармалган эки жаран тең 32 жашта. Алдын ала маалыматтар боюнча алар Петербургда 2010-жылдан бери курулушчу болуп иштеп, жашырынып жүрүшкөн. Соңку мезгилде алар балдар аянтчасын салып жатышкан.

Кармоолор туурасында Өзбекстандын атайын кызматына кабар берилди. Колго түшкөн калган жарандар миграциялык мыйзамдарды бузушкан.

XS
SM
MD
LG