Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Кыргызстандагы чакан жана орто бизнестин иш-тартиби түзүлөт


Буга байланыштуу өлкөдөгү ишкерлик чөйрө бүгүн Соода-өнөр жай палата өкүлдөрү менен чогуу маалымат жыйын өткөрүшөт.

Уюштуруучулардын айтуусунда, 2017-жылы өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган Улуттук стратегиянын мөөнөтү аяктайт. Ушундан улам, ишкер чөйрө кайсы багытта, кандай ишти, ким менен алып баруу маселесинде өзүнүн пикирлери менен бөлүшмөкчү.

Маалыматта айтылгандай, 2016-жылдын октябрь айынан тартып, "БизЭксперт" аналитикалык борбору бир катар ишкер уюмдар, эксперттер, өкмөттүн алдындагы бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү кеңеши менен бирдикте чакан жана орто бизнестин мамлекеттик деңгээлдеги иш тартибин түзөт. Аны түзүүгө борбор калаадагы бизнес ассоциациялар гана эмес, аймактардагы ишкерлер да тартылат. Талкуулар Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында уюштурулат.

Иш-чаранын уюштуруучулары чакан жана орто бизнестин иш тартибине кабыл алынган жобо-жараяндар өлкөнүн өнүгүүсү боюнча Улуттук стратегиянын жаңы редакциясында эске алынат деген ниетте. (ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG