Бир нече күн мурун АКШнын мамкатчысы Жон Керри эгер орустар Алеппого абадан чабуулун токтотпосо, Сирия боюнча Орусия менен кызматташтык токтотулары тууралуу эскерткен. Мамлекеттик департаментте Орусия сентябрда бошотулган шаарларга гуманитардык жардам жеткирүү жана элдешүү тууралуу кол коюлган аскерий келишимдерди аткарбай жатканын белгилешүүдө.
Мамдепартаменттин өкүлү Жон Кирби 3-октябрда жарыяланган билдирүүсүндө жай тургундар турган аймактарды бомбалаганы үчүн Орусияны айыптаган.
Буга байланыштуу АКШ Сириядагы аскердик аракеттерди тескөө борборунда Орусия менен чогуу иштеп жаткан кызматкерлерин чакыртып алмакчы.
Ал эми департаменттин өкүлү Элизабет Трюдонун айтуусунда, кызматташуу токтогону менен, тараптар бири-бири менен байланышын үзбөйт. Бул эки өлкөнүн аскерий-аба күчтөрүнүн кагылышуусунун алдын алат дейт маалымат катчы.
Орусия менен АКШ сентябрдын ортосунда элдешүү келишимине кол коюшкан. Бирок бир аптадан соң, АКШнын аба күчтөрү Асаддын армиясына чабуул койгон соң, келишим жокко чыккан. Андан кийин гуманитардык жардам алып бараткан автоколоннага абадан чабуул жасалып, 18 киши өлгөн. Бул үчүн Батыш өлкөлөрү Орусияны айыптап келет. Орусия бул дооматтарды четке кагып, чабуул согушкерлер жайгашкан аймактарга гана жасалып жатканын бекемдөөдө.