Жыл сайын өтчү иш-чара быйыл маданият жана тарых жылына арналды. Иш-чараны ПРООНдун Оштогу өкүлчүлүгү каржылоосунда Ош шаар мэриясы уюштурууда. ПРООНдун коомчулук менен байланышуу адиси Мавлюда Ходжаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, фестивалдын касиеттүү Сулайман-Тоодо уюштурулушу анын уникалдуу тарыхый эстелик, маданияттарды бириктирүүчү ролуна байланышкан. Бул жерде бир нече маданий, көңүл ачуучу жана академиялык иш-чаралары болуп өткөн, бүгүн жыйынтыктоочу күн.
Сулайман Тоо фестивалы 4-октябрь Ош шаарынын күнүнө удаа жыйынтыкталууда.
Фестивалдын максаты – Ош шаарынын жана Сулайман-Тоонун символикалык маанилүүлүгүн элге кеңири жайылтуу.
Дүйнөлүк мурастарга кирген Сулайман-Тоо Ош шаарынын тарыхый бөлүгүнүн борборунда жайгашкан. Сулайман-Тоо 2009-жылдын 26-июнунда ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине “Касиеттүү тоо” номинациясы боюнча киргизилген.(ZKo)