Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШ-Орусия мамилесине тынчсызданууда


Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши.
Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши.

Улуттар уюмунун Сирия боюнча элчиси Стафан де Мистура Сирия жаңжалын токтотууда Орусия менен АКШнын аракети текке кеткенине терең кабатырланганын билдирди. БУУдагы Франциянын элчиси Франсуа Делаттр “Алепподогу тозокту токтотуу үчүн Коопсуздук кеңеши бардык күчтөрүн бириктирүүгө убакыт келип жетти”, деп айтты.

3-октябрда АКШ Сирия боюнча Орусия менен маалымат алмашууну токтоторун жарыялаган. Мамдепартаменттин өкүлү Жон Кирби 3-октябрда жарыяланган билдирүүсүндө жай тургундар турган аймактарды бомбалаганы үчүн Орусияны айыптаган.

Буга байланыштуу АКШ Сириядагы аскердик аракеттерди тескөө борборунда Орусия менен чогуу иштеп жаткан кызматкерлерин чакыртып алмакчы.

Ал эми департаменттин өкүлү Элизабет Трюдонун айтуусунда, кызматташуу токтогону менен, тараптар бири-бири менен байланышын үзбөйт. Бул эки өлкөнүн аскерий-аба күчтөрүнүн кагылышуусунан алдын алат дейт маалымат катчы.

XS
SM
MD
LG