Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Азимжан Аскаровдун соту жүрүүдө


Азимжан Аскаров Чүй облустук сотунда.
Азимжан Аскаров Чүй облустук сотунда.

Чүй облустук сотунда бүгүн укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши каралууда. Сот жараяны Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын күзөт департаментинин имаратында өтүп жатат.

Аскаровдун жактоочусу укук коргоочу Нурбек Токтакунов, жабырлануучулар тараптан маркум Мыктыбек Сулаймановдун аялы Чынара Бечелова баштаган 7 адам сотко катышууда.

Соттун жүрүшүндө адвокат Токтакунов буга чейин чыккан БУУнун адам укуктары боюнча чечимин эске алууга чакырды. Ошондой эле ал Аскаровдун милиция кызматкерин өлтүрүүгө тиешеси жок экенин, маркум Сулайманов Базар-Коргон районундагы таасирлүү адам болгондуктан анын өлүмүн башкалар уюштурган болушу мүмкүндүгүн билдирди. Бирок мындай сөздөргө жабырлануучулар нааразы болуп, Азимжан Аскаровдун күнөөлүү экенин айтышты.

Азимжан Аскаров 2010-жылкы июнь коогасында милициянын капитаны Сулаймановдун өлүмүнө күнөөлүү деп табылып, 2011-жылы Жогорку соттун өкүмү менен өмүрүнүн акырына чейин абакка кесилген. Быйыл жазында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ал мыйзамсыз камалганын айтып, Аскаровду бошотууну талап кылган. Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген негизде кайра карап, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмдөрүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароону Чүй облустук сотуна тапшырган. (NT)

XS
SM
MD
LG