Облус аймагындагы ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери карылар үйлөрүнө жардам көрсөтүүдө. Облустук ИИБнын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, милиция кызматкерлери 300дөн ашык карыларга тамак-аш жана азык-түлүктөр жеткиришти. Ошондой эле 75 ардагерди кышкы көмүр-отун менен камсыздап беришти.
Мындан сырткары карылар күнүнө карата облустук ички иштер башкармалыгынын ардагерлеринин кубогу үчүн мелдеш уюштурулду.
“Мекеним менин Кыргызстан” долбоорунун алкагында өтүп жаткан карыларга камкордук акциясы Жалал-Абадда дагы бир нече күн уланат. (RsK)