Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:39

Милиция банкомат тоногон башка өлкөнүн жаранын кармады


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Ички иштер министрлигинин тергөө бөлүмү эл аралык масштабдагы кылмыштуулуктун изине түшүп, Молдовадан Кыргызстанга келген адамды кармады. Бул адам алгач Украинага барып, андан соң Казакстан аркылуу Кыргызстанга келген.

1-октябрда Молдованын З.М. аттуу жараны Кант шаарындагы соода борборунун биринде банкоматтан мыйзамсыз жол менен акча чыгарып жаткан. Милиция аны дароо кармап, баштыгын тинтиген учурда ири суммадагы акча табылган.

Ал эми кармалган адамдын жашаган мейманканасын тинтиген учурда 405 миң сом жана жасалма чач, симкарталар жана микросхемалар табылган.

Учурда кармалган адамдын башка өлкөлөрдө жардамчылары бар экендиги аныкталууда. Чет элдик жаранга кылмыш иши козголуп, Ысык-Ата райондук ИИБнын убактылуу тергөөчү жайына камакка алынды. (SDz)

XS
SM
MD
LG