Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун Жеткиликтүү турак жай долбоорунун алкагында Таласта көп кабаттуу үйлөрдү куруу мерчемделип жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев билдирди. Маалыматка ылайык, үй салууга учурда тендер жарыяланды жана анын жыйынтыгы 20 күндүн ичинде чыгат.
Андан соң беш кабаттуу турак жай Талас шаарына тургузула баштайт. Үйлөр алгач аскер кызматкерлерине берилет. Кийинчерээк мугалимдер менен дарыгерлер да турак жай менен камсыз болмокчу. Кенекеевдин билдиришинче, үйдүн чарчы метри 350 доллардан ашпайт. (AlS)