Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:53

Сирияда АКШнын аба соккусунан “ал-Каида” колбашчысы жок кылынды


Пентагон 3-октябрда Сирияда “ал –Каиданын” бир канаты, азыркы “Жебхат Фатех ал-Шам”, мурдагы “ал-Нусра фронтун” башкарган “белгилүү лидерин” бутага алганын ырастады.

Бирок абадан дрон аркылуу сокку урулган адамдын ысымын атаган жок. Ал-Масри мурда өз мекени –Египетте кутум уюштурду деген айып менен бир нече жыл түрмөдө олтуруп, кийин Ооганстанга кеткен.

Бирок, аталган экстремисттик уюм өзү Твиттер баракчасы аркылуу шейх Абу ал Фараж ал-Масри Сириянын согушкерлер колундагы Идлиб провинциясында, автоунаасына сокку урулганда мерт болгонун ырастады.

Жаш курагы алтымыштардагы ал-Масри Ооганстанда “ал-Каиданын” азыркы лидери Айман ал-Завахринин негизги өнөктөшүнө айланган. (UE)

XS
SM
MD
LG