Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:13

Аскаровдун иши: милиция кызматкерлери көрсөтмө берүүдө


Аскаровдун соту
Аскаровдун соту

Чүй облустук сотунда укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши каралып, күбө катары милиция кызматкерлери көрсөтмө беришти. Буга чейин кылмыш болгон учурдагы видео тасманы көрсөтүүнү Аскаров соттон өтүнгөн. Сотто сөз сүйлөгөн күбөлөрдүн бири, ошол кездеги райондук милиция башчысы Мамиржан Мергентаев эч кандай видео тасма жок экенин айтты. Өз сөзүндө Мергентаев тополоң учурунда жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду өлтүргөндөрдүн арасынан Аскаровду көрбөгөнүн кошумчалады.

Учурда сотто күбөлөрдүн катарында башка да милиция кызматкерлери көрсөтмө беришүүдө.

Сотто Аскаровдун жактоочусу Валерьян Вахитов 2011-жылы Аскаров менен бирге соттолгон сегиз адам да суракка келиши керектигин билдирди. Вахитов учурдагы сот жараянында Сулаймановдун өлүмүнө тиешеси жок күбөлөр да көрсөтмө берип жатканына нааразы болду.

Буга чейин Азимжан Аскаров өзүнүн күнөөсү жок экенин Куранды кармап айтып, калпты аныктоочу детектордон өтүүгө макул экенин билдирген.

Бирок сотто жабырлануучулар Азимжан Аскаровдун күнөөлүү экенин айтышкан.

Аскаров 2010-жылы июнь окуясында улуттук кастыкты козуткан, массалык башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган.

Быйыл жазында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ал мыйзамсыз камалганын айтып, Аскаровду бошотууну талап кылган. Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген негизде кайра карап, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмдөрүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароону Чүй облустук сотуна тапшырган.

XS
SM
MD
LG