Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:13

Чолпон Жакупова: Баш мыйзам өзгөрсө, мандатымды тапшырам


Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

Парламент депутаты Чолпон Жакупова өлкөнүн Конституциясы өзгөрө турган болсо, депутаттык мандатын тапшырууга даяр экенин “Азаттыкка” билдирди.

- Эгерде жаңы Баш мыйзам чукул арада кабыл алынса, мен өз сөзүмө туруп, депутаттык мандатымды тапшырып берем. Мыйзамга ылайык мамлекеттик институттун ыйгарым укугу өзгөрө турган болсо, ал орган кайра башынан түзүлүшү керек. Натыйжада 6-чакырылыштын депутаттары өз ыйгарым укуктарын токтотушу абзел, - деди эл өкүлү.

Бирок Жакупова азыркы Конституцияда парламент өз мөөнөтүн акырына чейин иштеп бүтүүгө норма бар экенин кошумчалап өттү.

29-сентябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду 4-декабрга дайындаган мыйзам долбоорду 1-окууда кабыл алган. (SDz)

XS
SM
MD
LG