Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Путин иш сапары менен Түркияга барат


Путин жана Эрдоган Чоң жыйырманын Кытайдагы саммитинде. 4-сентябрь, 2016-жыл.
Путин жана Эрдоган Чоң жыйырманын Кытайдагы саммитинде. 4-сентябрь, 2016-жыл.

Орусия президентинин кеңешчиси Юрий Ушаковдун билдиргенине караганда, Путин Түркияда президент Режеп Тайып Эрдоган менен жолуккандан тышкары, Дүйнөлүк Энергия конгрессине катышат.

Визит 10-октябрга белгиленүүдө.

Былтыр ноябрда Орусиянын аскерий учагы Сирия-Түркия чек арасында атып түшүрүлгөндөн кийин Москва менен Анкаранын расмий мамилеси жети айдай үзүлүп калган.

Бирок алака-катыш кайра Түркияда быйыл июлда болгон аскерий төңкөрүш аракетинен кийин оңолду.

Путин менен Эрдоган акыркы ирет 3-сентябрда, Кытайда Чоң жыйырманын саммити учурунда кездешкен.

Ал сүйлөшүүлөрдүн артынан Орусия менен Түркиянын коргоо мекемелери Сирия боюнча тыгыз аскерий кызматташтыкты караган макулдашууга жетишкен болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG