Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:53

Ооганстан мигранттарын кайтарып алууга макулдугун берди


Европадагы мигранттар.
Европадагы мигранттар.

Евробиримдиктин мындай сунушуна көнгөн ооган бийлиги Европада жүргөн мигрант жарандарына атайын документ берүүнү жана алар үчүн Кабулдагы аэропортто атайын терминал ачууну чечти. Ооганстандык мигранттарды кайтаруу тууралуу келишимге 4-октябрда, Брюсселдеги Ооганстан боюнча донорлордун жыйынында кол коюлду. Жыйында Германия Ооганстанга мигранттарды кайтарууда жардам берүүнү убада кылды.

Өткөн жылы ооганстандык 170 миң мигрант Евробиримдиктен качкын макамын сурап кайрылган. РИА Новости маалымдагандай, Евробиримдик 80 миң мигрантты мекенине кайтарууну көздөөдө.

Келишим боюнча, Кабул төрт жуманын ичинде ооганстандык мигранттарга тиешелүү документтерди даярдайт. Буга чейин жерине кайтарууга мигранттардын документи жоктугу жолтоо болуп келген. Ошондой эле расмий Кабулга мигранттарды кайтаруу үчүн учактардан орун бөлүү милдеттендирилди. Анын каржылык чыгымдарын Евробиримдик өз мойнуна алмакчы.

XS
SM
MD
LG