Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:28

Ташкенде Каримовдун коопсуздугу үчүн жабылган көчөлөр ачылууда


Ташкен, Амир Темир эстелиги.
Ташкен, Амир Темир эстелиги.

Акыркы жылдары Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун «коопсуздугун камсыздоо максатында» анын кортежи өтчү проспект менен кесилишкен көчөлөрдүн бөлүктөрү толук жабылган. Ал шаардагы автоунаалардын жүрүүсүнө тоскоолдуктарды жаратып келген.

Ыңгайсыздыктарды жоюу максатында өткөн ишембиде Ташкенде Мустакиллик проспектисинин буга чейин жабылган бөлүктөрүн ачуу иштери башталды. Курулуш техникалары менен жумушчулар проспект менен Абдулла Кадыри көчөсүнүн кесилишине асфальт төшөп жатышат.

Аталган жолдун ачылышы Шахрисабз көчөсү тараптан "Алай" базарына чейин барчу унаа агымын кыйла азайтат. Ошондой эле жакынкы күндөрү Сайрам көчөсүнүн өткөн жылдын июлунда жабылган бөлүгүнүн ачылышы да күтүлүүдө.

Жолдордун аталган бөлүктөрү президенттик резиденциянын айланасында жайгашкан. Алардын жабылышы калк менен автоунаа ээлерине көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратып келген. Ал көчөлөрдүн ачылышы жергиликтүү тургундардын жумушка барып келген жолун бир канча чакырымга кыскарат.

XS
SM
MD
LG