Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

Социалдык колдоого муктаж 500 карыга камкордук көрсөтүлдү

Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиев "Азаттыкка" билдиргендей, турмуш шарты оор, улгайган адамдарга 200 тонна көмүр жана отун камдалып берилди. 90 жаштан жогору 170 жана жүздөн ашкан 11 карыяга да азык-түлүк жагынан көмөк көрсөтүлдү. Ошондой эле багар-көрөрү жок, үй жумуштарынан кыйналган ардагерлерге көмөктөшүүгө мектеп окуучулары бөлүнгөн.

Аксы районунда 10 миңге чукул ардагер-карыялар жашайт.

Облус аймагында 15-сентябрдан тартып карыларга жардам көрсөтүүнүн бир айлык акциясы жүрүп жатат. 1-октябрь Кыргызстанда карылар күнү катары белгиленип келет. (RsK)

XS
SM
MD
LG