Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:53

Талас: 007 автоунаа номуру 342 миң сомго сатылды


Кыргызстандагы эң кымбат авто номур.
Кыргызстандагы эң кымбат авто номур.

Мамлекеттик каттоо кызматы автоунаалардын өзгөчө номурларын аукцион аркылуу сатууну улантууда. 4-октябрда Талас облусуна таандык 07 007 ААА үлгүсүндөгү автоунаа номурунун алгачкы баасы 30 миң сом деп коюлса, аукциондун аягында 342 миң сомго сатылды.

Каттоо кызматынан билдиргендей, жалпысынан жогорудагы үлгүдөгү номурду сатып алуу үчүн 5 адам аукционго катышууга ниетин билдирген.

Бир ай мурун 007 AAA үлгүсүнүн Бишкекке таандык номуру 214 миң сомго сатылган.

Каттоо кызматы 4-октябрдагы аукциондо 001 ААА үлгүсүндөгү Бишкекке таандык номур 592 миң сомго сатылганын да маалымдады.

Өзгөчө номурлардан түшкөн каражаттын 91 пайызы республикалык бюджетке түшсө, калган 9 пайызы Каттоо кызматына калат. (SDz)

XS
SM
MD
LG