Ош шаарынын 3016 жылдыгына карата бүгүн калаада салтанаттуу жүрүш башталды. Аймактык кабарчыбыздын билдиришинче, Ош шаарындагы ишкана, мекемелердин кызматкерлери борбордук аянттан өтүштү.
Майрамдык салтанатка биринчи -вице-премьер-министр Мухаметкалый Абулгазиев, Ош шаарынын жана облус жетекчилери катышууда.
Майрам бүгүн түштөн кийин борбордук аянтта концерт менен уланып, эстрада ырчылары майрамдык маанай тартууламакчы. (YI)