Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:49

Таласта диний экстремизмге каршы иш-аракеттер башталды


Талас шаары.
Талас шаары.

Бүгүнтөн тарта Талас облусунда диний агымдар, анын ичинде экстремизм боюнча мектеп окуучулары үчүн атайын лекциялар өтө баштады. Иш-чараны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, теологдор менен жаш активисттер уюштурууда.

Белгилүү болгондой, ушул күнгө чейин Талас облусу боюнча эктремизмге шектелип 11 адам кармалган.

Тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир» диний агымы Таласта кеңири жайылган. УКМКнын билдиришинче, облуста анын 30дан ашык мүчөсү бар. Уюм Кыргызстанда 2000-жылдары кулач жайган.

Экстремизмдин алдын алуу максатын көздөгөн иш-чара облуста беш күнгө уланат. (AlS)

XS
SM
MD
LG